Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 17-августу ПЖ № 316
И.Г.Деркембаеваны, Т.М.Балтабаеваны жана башкаларды
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн:
Деркембаева Ирина Григорьевна - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хорунун артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти.
Республиканын маданияты жана көркөм өнөрү жагындагы сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн:
Балтабаева Тамара Мусаевнага - эмгек ардагери, Бишкек шаары.
Ануфриева Зоя Романовна - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын өрт-кароол күзөтүнүн өрт өчүргүчү;
Дрожкин Петр Петрович - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын бутафор-декоратору.
Журналистика жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
Сыдыкова Кален Султангазиевнага - журналист Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |