Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 26-июлу ПЖ № 145
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2014-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнундө
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнундө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик тузүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
2.Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2014-жылдын октябрь-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрүнө, башка аскердик тузумдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларьн, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.
4.Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн башьап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |