Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 10-сентябры ПЖ № 371
Агробизнестин Кыргыз Республикалык
борборун жоюу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын функциялары кайталанышын жоюу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Агробизнестин Кыргыз Республикалык борбору жоюлуп, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборуна берилсин.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборунун функцияларын белгиленген сандын жана үстүбүздөгү финансылык жылга бекитилген бюджеттин чегинде кабыл алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте чечсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 391 Указы;
- "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 391 Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 13-июнундагы № 159 Указы.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |