Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 12-октябры ПЖ № 454
Республиканын билим берүүсүнүн кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын билим берүү жагына сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү педагогдук иши үчүн:
Орунтаев Наматбек - К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол техникумунун директору.
Цимфер Наталья Петровнага - № 6 мектеп-гимназиясынын орус тил жана адабият мугалими, Бишкек шаары.
Исаев Кусеинге - К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин башкаруу, социология жана психология факультетинин "Социология жана философия" кафедрасынын профессору;
Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевичке - Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик университетинин ректору, профессор;
Мамбетов Шергазы Асамбаевичке - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери" кафедрасынын профсссору;
Молдобаев Советке - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин "ЮНЕСКО билим берүү жана табигый илимдер боюнча" кафедрасынын профессору;
Момбекова Жыргал Канаевнага - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых жана регион таануу факультетинин "Кыргызстандын жаңы жана соңку жаңы тарыхы" кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу;
Мусаев Абдылда Инаятовичке - К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине караштуу үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору, профессор;
Нурмамбетов Баймырзага - Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын коомдук илимдердин негизин окутуучу, доцент;
Осмонов Бекташка - Баткен мамлекеттик университетинин экономика жана тарых факультетинин "Гуманитардык илимдер" кафедрасынын улук окутуучусу, доцент;
Челпакова Сабира Мусилимовнага - Кыргыз Республикалык "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунун директору;
Шабыкеев Бектурганга - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин математикалык талдоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу.
Республиканын маданияты жагындагы сиңирген эмгеги, педагогикалык үзүрлүү иши үчүн:
Немирский Михаил Сергеевичке - Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинин курсанттардын үйлөмө оркестринин жетекчиси, тарбиячы.
Республикаиын билим берүү жагындагы сиңирген эмгеги, педагогикалык үзүрлүү иши үчүн
Аденов Жумабай Аликеевич - А.Батыров атындагы Эл достугу университетинин илимий иштери боюнча проректору, профессор, Жалалабат областы;
Жакшыбаева Социал - Токмок шаарындагы № 9 орто мектептин химия жана биология мугалими, Чүй областы;
Казаринова Эмма Валентиновна - Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармасынын башкы адиси;
Култаева Үмүт Баймуратовна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, доцент;
Мавлянов Абдырахман Субанкулович - Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, профессор;
Мукамбаев Нурбек Жээнбаевич - Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын математика жана маалымат кафедрасынын башчысы, профессор;
Мусаева Светлана Абакировна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер институтунун директору, доцент;
Омукеева Жумакан Алинуровна - Кыргызстан эларалык университетинин укук, бизнес жана компьютердик технология институтунун директору, профессордун милдетин аткаруучу;
Осмонова Айгүл Темировна - Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын немец тил мугалими;
Сальпиев Шаршенбек Батырбекович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин экономика кафедрасынын доценти;
Түгөлбаев Орозобек - Кыргыз билим берүү академиясынын табыгый-математикалык илимдер жана маалымат кафедрасынын улук окутуучусу;
Токтогулов Асылбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы;
Тишин Алексей Иванович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин социология кафедрасынын башчысы, профессор.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |