Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 13-октябры ПЖ № 459
А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасына жана 80-статьясынын 6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдыкадыров Акылбек Токтосунович - жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл областтык сотунун судьялыгына;
Алыбаева Нургүл Алыбаевна - жети жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьялыгына;
Асанова Калида Талиповна - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл областтык экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагалыгына;
Аширов Жанышбек Сайдилаевич - жети жылдык мөөнөткө Баткен гарнизонунун аскердик сотунун судьялыгына;
Ашымбек уулу Нурлан - жети жылдык мөөнөткө Чүй гарнизонунун аскердик сотунун төрагалыгына;
Жээнбеков Жанышбек Токтомаматович - жети жылдык мөөнөткө Ош областтык сотунун төрагасынын орунбасарлыгына;
Кененбаев Эмилбек Аманкожоевич - жети жылдык мөөнөткө Каракол шаардык сотунун судьяльгына;
Сабитова Жамиля - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жети жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |