Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 10-ноябры ПЖ № 529
У.У.Мирбабаевага "Кыргыз Республикасынын билим
берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу
наам берүү жөнүндө
Республиканын билим берүү жагындагы сиңирген эмгеги, көп жылдык педагогикалык үзүрлүү иши үчүн Ош областындагы "Элим үчүн" коомдук фондунун төрайымы Мирбабаева Ульфатхан Ураимжановнага "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |