Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 23-ноябры ПЖ № 594
РЕSАС программасына кошулган ишканаларды
менчиктештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- РЕSАС программасына кошулган ишканаларды башкаруу жана ишин координациялоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине калтырсын;
- РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда менчиктештирүү процессин жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |