Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 28-ноябры ПЖ № 599
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларына квалификациялык класстарды берүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиялары жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүгө экинчи квалификациялык класс берилсин.
Онолбеков Дамирбек Мадылбековичке - Ысыккөл областтык сотунун төрагасынын орунбасары.
2. Төмөнкүлөргө үчүнчү квалификациялык класс берилсин:
Алиев Өзбек Адамовичке - 1Чүй областынын Кемин райондук сотунун 1судьясы;
Буурабаева Дамира Бекешовнага - Ысыккөл областтык сотунун судьясы;
Рыскулова Аида Бекеновнага - Ысыккөл областтык сотунун судьясы
Токтомамбетов Аманкул Жапарбековичке - Ысыккөл областынын Ысыккөл райондук сотунун судьясы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.,Бакиев |