Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 22-декабры ПЖ № 642
Ар түрдүү тармактардын кызматкерлерин
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын байланыш жаатындагы үзүрлүү иши үчүн сыйлансын
Боронбаев Машан - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Ош областтык филиалынын телекоммуникациялар тармагын өнүктүрүү жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү инженери;
Овивьян Онник Аветисович - Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтунун физикохимиялык жана жылуулук техникалык чоңдуктарды өлчөө бөлүмүнүн начальниги.
Стандартташтыруу жана метрология жагындагы сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын
Атаханов Патидин Зухридинович - Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтунун директору;
Сыйдалиев Жамалбек Сазанович - Талас сыноо жана сертификациялоо борборунун өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу секторунун башчысы, Талас областы;
Честнов Андрей Аркадьевич - Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтунун физико-химиялык жана жылуулук техникалык чоңдуктарды өлчөө бөлүмүнүн начальниги.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо жагындагы үзүрлүү иши үчүн сыйлансын
Ахмедов Нусратилла Аманиллоевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармасынын башкы адиси, Ош областы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |