Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 29-январы ПЖ № 20
Кыргызстан калкы Ассамблеясын "Данакер"
ордени менен сыйлоо жөнүндө
Улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти жана Кыргызстан элдеринин биримдигин чындоого кошкон зор салымы үчүн:
1. Кыргызстан калкы Ассамблеясы "Данакер" ордени менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө тийиштүү мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун ишгеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |