Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-декабры № 231
Кыргыз Республикасынын мал чарба продукцияларына коюлган тоскоолдуктарды алып таштоо боюнча Казак Республикасы жана Россия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиясы түзүлүү жөнүндө
Казак Республикасы жана Россия Федерациясы менен болгон соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” 15.09.2014ж. № 530 токтомун жетеке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Кыргыз Республикасынын мал чарба продукцияларына коюлган тоскоолдуктарды алып таштоо боюнча Казак Республикасы жана Россия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөндөгү тиркелген курамда түзүлсүн.
2.Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3.Ведомстволор аралык комиссия министрликтердин, административдик ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартуга укукту экендиги белгиленсин.
4.Техникалык-уюштуруу жана каржылык камсыздоо башкармалыгынын документациялык камсыздоо, контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмү аркылуу, бул буйрук ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө, маалымдалып жеткирилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.Т. Ибраевге жүктөлсүн.
Министр | Т. Сариев |