КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 12-февралы ПЖ № 55
А.Э.Калилов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасына, 81-статьясынын 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын V бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген ыйгарым укуктун мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу Калилов Аязбек Эсентаевич Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясынын кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык 2004-жылдын 10-февралынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |