КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 16-сентябры ПЖ № 162
К.А.Талиева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Талиева Камила Абдыразаковна Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан отставкага кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Негиз: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри К.А.Талиеванын арызы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |