КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 24-сентябры ПЖ № 164
Д.З. Сагинбаева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конститупиялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Сагинбаева Динара Зарлыковна Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан отставкага кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Д.З. Сагинбаеванын арызы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |