Редакцияот 29.03.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 29-марты № 107

Кедейликти кыскартуу боюнча Улуттук стратегиянын милдеттерине ылайык жана республиканын пенсионерлеринин турмуш деңгээлин андан ары колдоо максатында токтом кылам:

1. Бул Жарлык колдонууга киргизилгенге чейин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү 2004-жылдын 1-апрелинен тартып төмөнкүдөй шкала боюнча көбөйтүлсүн:

- жалпы өлчөмү 400 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн - 15 процентке;

- жалпы өлчөмү 401 сомдон 600 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 12 процентке, мында жогорулагандан кийин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү кеминде 204 сомду түзүүгө тийиш;

- жалпы өлчөмү 601 сомдон 700 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 10 процентке, мында жогорулагандан кийин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү кеминдн 422 сомду түзүүгө тийиш;

- жалпы өлчөмү 701 сомдон 800 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 8 процентке, мында жогорулагандан кийин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү кеминде 525 сомду түзүүгө тийиш;

- жалпы өлчөмү 800 сомдон ашкан пенсиялар үчүн - 5 процентке, мында жогорулагандан кийин пеисиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү кеминде 623 сомду түзүүгө тийиш;

Ушул пунктта көрсөтүлгөн жогорулай турган пенсиялардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үстөк акыларды жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.

2. "Электр энергиясына тарифтер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 5-майындагы № 105 Указына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү бул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияларды өз учурунда кайра эсептеп чыгууну жана аларды жаңы өлчөмдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

А.Акаев