Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 8-майы ПЖ № 161
Бишкек шаарынын мэриясынын туракжай-коммуналдык
чарба тутумунун кызматкерлерин мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын туракжай-коммуналдык чарба жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Миронов Иван Владимировичке - "Горводремхоз" өндүрүштүк ишканасынын башкы инженери.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Игнатенко Владимир Геннадьевич - "Бишкекводоканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын начальнигинин орунбасары;
Огородникова Валентина Архиповна - Ленин көрктөндүрүү комбинатынын санитардык тазалоо бөлүмүнүн коомдук аймактарынын оператору;
Сыдыбаев Майрамбек Божонович - Биринчи май көрктөндүрүү комбинатынын айдоочусу;
Тушкова Антонина Лаврентьевна - Парктар жана эсалуу зоналары бирикмесинин Ю.Фучик атындагы паркынын агроному.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |