КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 11-октябры ПЖ № 178
Курманова жана К.К. Омурканов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунуштары боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Курманова Гульнара Карпековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Омурканов Каныбек Кыдыкович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |