Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 20-октябры ПЖ № 180
Илим жана техника жагында 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечимин көңүлгө алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу" эмгеги үчүн төмөнкүлөргө илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылсын жана "Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилсин:
Алибаев Атабек Пахыровичке | - | Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин деканы, техникалык илимдердин доктору; |
Кожогулов Камчыбекке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору, техникалык илимдердин доктору; |
Никольская Ольга Викторовнага | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун башкы илимий кызматкери, техникалык илимдердин доктору; |
Тажибаев Кушбакалыга | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техникалык илимдердин доктору; |
Толобекова Бурулканга | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техникалык илимдердин доктору; |
Үсөнов Кеңешбек Жумабековичке | - | Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору, техникалык илимдердин доктору; |
Усманов Салават Фаргатовичке | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин деканы, техникалык илимдердин доктору. |
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |