Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 21-октябры ПЖ № 181
Э.С.Токтосунов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Э.С.Токтосунов өзүнүн соттолгондугу жөнүндө маалыматты жашыргандыгынан улам ушул кызмат ордун ээлөөсү мүмкүн болбогондуктан аны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтосунов Эрланбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |