Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 24-октябры ПЖ № 193
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө
Азербайжан Республикасы менен болгон макулдашууларды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасы менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Баку шаарында жайгашуусу менен Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыздоонун маселелерин республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бир айдын ичинде чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |