Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 23-октябры № 287
Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият
министрлигинин бюджеттик каражаттарын пилоттук
негизде пайдалануу жөнүндө
Жүргүзүлгөн функционалдык талдоого негизделген Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин структурасын администрациялык реформалоонун, кайра уюштуруунун чегинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бюджеттик каражаттарды пилоттук негизде пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда Ресурстук макулдашуу түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы аталган Ресурстук макулдашуу колдонулган мезгилде (2002-жылдын 3-сентябрынан 2004-жылдын 3-сентябрына чейин):
Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча төмөнкү укуктар берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык айлык акылардын жана үстөк акылардын үстүнө кошумча акы белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине сыйлык акы берүү жана материалдык жардам көрсөтүү;
- кошумча акы, сыйлык акы жана материалдык жардам көрсөтүү бюджеттик каражаттардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин борбордук аппаратынын жана Ресурстук макулдашууда көрсөтүлгөн ага баш ийген мамлекеттик уюмдардын ички структурасын рационалдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн натыйжасында бошогон атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүүнү аныктоо.
3. Бул Указдын аткарылышына контолдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |