Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 6-ноябры ПЖ № 307
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасына жана кызмат орундарынын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иш-аракеттерин камсыз кылуу максатын көздөп,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" № 28 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү жобонун 25-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу эксперт" деген сөздөр менен толукталсын;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жөнүндөгү» № 77 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жана кызмат орундарынын тизмеси «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү» деген сөздөрдөн кийин:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу эсперт 1» деген сөздөр менен толукталсын;
Акыркы саптагы «Бардыгы» дегендеги «110» саны «111» саны менен алмаштырылсын.
3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |