Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 15-октябры ПЖ № 464
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясын көзкарандысыз жана натыйжалуу иши үчүн зарыл шарт түзүү, ошондой эле анын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну андан ары оптималдашгыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу аталган орган тарабынан өзалдынча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
2. (КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн пайдаланылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын финансылык материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлкүн өткөрүп берсин, ал эми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы балансына кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу финансы жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |