Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 15-августу ПЖ N 268
Японияда Кыргыз Республикасынын Элчилигин
уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Токио шаарында жайгаштыруу менен Японияда Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Японияда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселесин бир айлык мөөнөттө чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |