Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 4-ноябры ПЖ № 200
Усубалиев Турдакун Усубалиевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын белгилөө жөнүндө
Мамлекетке жана Кыргызстан элине сиңирген зор эмгеги учүн, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 95 жылдыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Усубалиев Турдакун Усубалиевичке 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунун каражаттарынан 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү ай сайын стипендиясы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн стипендияны төлөп берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |