Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 12-июну ПЖ № 200
Ж.Акматов жана башкалар жөнүндө
Кыргыз Рсспубликасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пунктун 5-пунктчасына жана 81-статьясындагы 1-пунтка, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-статьясындагы биринчи бөлүктүн 11-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулсун:
Акматов Жуматай - Жалалабат шаардык сотунун төрагасынын орунбасарлыгынан;
Самаков Замир - Жалалабат шаардык сотунун судьялыгынан;
Субанкулов Адылбек - Ош шаардык сотунун судьялыгынан.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |