Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 16-февралы ПУ № 43
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү"
Указына толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коллегиясынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү Жобонун 22-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
"аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарына карата тартип жазасын колдонуу.".
2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |