Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-6
“Таштак айылындагы жерлердин категориясын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/736 22-декабрь 2022-жылдагы кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы мамлекеттик фондунун сугат айдоо 0,72 га жер аянты “Сугат жер айдоо” категориясынан “Курулуш алдындагы жерлер” категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Джороев |