Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы N 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-апрелиндеги N 171 токтому менен бекитилген |
Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Тарбиялоочу колониядагы камкордук кеңеши (мындан ары Кеңеш) тарбиялоочу колония жайгашкан аймактагы жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча тарбиялоочу колониянын начальнигинин чечими менен түзүлөт.
2. Кеңештин ишинин укуктук негизи Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси жана тарбиялоочу колониянын ишин жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылар жана ушул Жобо болот.
II. Кеңештин курамы
3. Кеңеш төрагадан (кызматы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басары), төраганын орун басарынан, секретардан жана Кеңештин 5 тен кем эмес мүчөлөрүнөн турат.
4. Кеңештин курамына мамлекетгик мекемелердин, коомдук уюмдардын, башка уюмдардын өкүлдөрү жана Кеңеште иштөөнү каалаган жана өзүнүн ишкердик жана моралдык сапаттары боюнча Кеңештин алдьшдагы милдетгерди аткарууга жөндөмдүү граждандар кирет.
III. Негизги милдеттери
5. Кеңештин негизги милдети тарбиялоочу колониянын администрациясына төмөнкү иштерде жардам көрсөтүү болот:
- окуу-тарбиялоо процессин уюштурууда;
- мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо;
- соттолгондорду социалдык коргоо, бошотулгандарды эмгектик жана тиричиликтик орноштуруу маселелерин чечүүдө;
- соттолгондордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоодо;
- алардын негизги жалпы жана баштапкы кесиптик билим алуусуна, кесипке даярдалышына, соттолгондордун билим жана маданий деңгээлдерин жогорулатууда, соттолгондордо мыйзамды сыйлаган жүрүш-турушту, эмгекке жана окууга ак-ниет мамилени калыптандырууда;
- ишканалар, мекемелер, уюмдар менен чарбалык байланыштарды түзүүдө, тарбиялоочу колониянын өндүрүштүк-чарбалык базасын чыңдоодо;
- соттолгондорду иш менен камсыздоодо;
- соттолгондорго материалдык-тиричиликтик жана медициналык-санитардык зарыл шарттарды түзүүдө;
- соттолгондордун тамактануусун уюштурууну жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө, аларды кийим жана эң керектүү буюмдар менен камсыздоодо;
- жетимдерди жана ата-энесинин камкордугусуз калгандарды шефке алууну, аларга бошотулаарда финансылык жардам көрсөтүүнү уюштурууда.
6. Кеңеш ишкердиктин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жободо каралган максаттар менен милдеттерге каршы келбеген башка да түрлөрүн жүргүзө алат.
IV. Кеңештин функциялары
7. Кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- коомчулукту тарбиялоочу колониядагы соттолгондорду оңдоого жана тарбиялоого тартуу боюнча ишти координациялайт;
- бюджеттен тышкаркы каражаттардын булактарын табат жана аларды тарбиялык колониянын муктаждыктарын чечүүгө тартат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында Кеңештин милдеттерин жана максаттарын пропагандалайт;
- тарбиялоочу колониядагы соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү максатында ар түрдүү кайрымдуулук акцияларын жүргүзөт;
- даректүү социалдык жардамга өтө муктаж соттолгондорду аныктап, аларга ошондой жардамдарды көрсөтөт;
- потенциалдуу демөөрчүлөрдү издөө жана аларды тарбиялоочу колониянын көйгөйлүү проблемаларын чечүүгө тартуу ишин жүргүзөт;
- билим берүү органдары, жергиликгүү бийликтин жана башкаруунун органдары жана ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташат;
- тарбиялоочу колонияда жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн укук темасындагы жана Кеңештин ишине байланыштуу башка темалардагы семинарларды, консультацияларды жана лекцияларды уюштурат;
- Кеңештин алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн керектүү башка функцияларды аткарат.
V. Кеңештин укуктары
8. Кеңеш өзүнө тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- рекомендациялык мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле тарбиялоочу колониянын администрациясынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын сунуштарына өкүл болууга, аларды мамлекеттик бийликтин органдарына киргизүүгө;
- граждандар жана юридикалык жактар кайрымдуулук ишкердигинин процессинде тарбиялоочу колонияга беришкен мүлктүн жана алынган акчалай каражаттардын даректүү пайдаланылышына жана жумшалышына жардамдашууга.
Алар башка максатка пайдаланылган жана жумшалган учурда тарбиялык колониянын ишин текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдарга ал жөнүндө маалымдоого.
9. Кеңештин мүчөлөрү ушулар менен бирге эле аныкталган тартипте тарбиялоочу колонияга барууга, өз компетенциясынын чектеринде анын иши менен таанышууга, соттолгондор менен жолугушууга, алар менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө, алардын арыздарынын жана даттанууларынын өз убагында жана туура каралышына жардамдашууга укуктуу.
10. Кеңештин төрагасы тарбиялык колониянын ишиндеги аныкталган кемчиликтер жөнүндө тарбиялык колониянын администрациясына билдирет жана аларды жоюу тууралуу сунуштарды киргизет.
VI. Кеңештин ишин жана анын тарбиялоочу колония менен байланышын уюштуруу
11. Кеңештин төрагасы кеңештин заседаниелеринин такай өткөрүлүп турушун камсыздайт, заседаниелерде каралчу маселелерди аныктайт, Кеңештин иш планын жана анын шни жөнүндө отчетторду даярдайт. Заседаниелердин аралыгындагы мезгилде Кеңештин мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет.
12. Кеңештин курамында төмөнкүдөй секциялар түзүлүшү мүмкүн, алар:
- тарбиялык иш боюнча;
- санитардык-тиричиликтик;
- соттолгондорду каттоого алуу жана ишке орношуусуна жана тиричиликтик орун алуусуна жардамдашуу боюнча.
13. Кеңештин заседаниеси ага курамынын жарымынан кем эмеси катышканда укукка ээ деп эсептелет. Кеңештин чечимдери добуштардын 2/3 менен кабыл алынат жана токтом менен бекитилет. Кеңештин заседаниесинде протокол жүргүзүлүп, анда каралчу маселелердин мүнөзү көрсөтүлөт. Протоколго төрага жана секретарь кол коет.
14. Кеңеш тарбиялык колониянын администрациясы менен бирдикте соттолгондорду оңдоо боюнча биргелешкен иштин квартал сайынкы комплекстүү планын түзөт.
15. Кеңештин мүчөлөрү тарбиялоочу колониянын тарбиячылар кеңешинин жана ата-энелер комитетинин ишине катыша алышат.
16. Кеңештин ишинде мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.