Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

1995-жылдын 23-июну № 5-I

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

"Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын аймагында түстүү металлдан жасалган буюмдардын уурдалып кетишине жана республиканын чегинен тышкары мыйзамсыз ташылып кетишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-жыл, N 22, 694 ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

21-статьянын 2-пунктундагы "Жеке детективдүү жана кайтаруу "ишмердүүлүгү" деген сөздөрдөн кийин: "Түстүү жана кара металлдардын өнөр жайлык сыныктарын жана калдыктарын жыйноо, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу ишмердүүлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев