КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 28-ноябры ПЖ № 212
А.А.Суюмбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын судьясы А.А.Суюмбаевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Суюмбаев Аскар Абирович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруудан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |