Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 4-декабры № 213
Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Абу-Даби шаарында жайгаштыруу менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |