Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 8-декабры № 214
Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Доха шаарында жайгаштыруу менен Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
|
| |
|
| |
|
| |
|
|
|