Редакцияот 19.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2014-жылдын 19-декабры ПБ № 228

2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына киргизилүүчү документтердин расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын:

- Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө протоколдун долбоору;

- 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколдун долбоору.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

А.Атамбаев