ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2014-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 226 «А.Ж. Исраилов жана Ж.М. Эгембердиев жөнүндө» Жарлыгы

Редакция20.12.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2014-жылдын 20-декабры ПЖ № 226

А.Ж. Исраилов жана Ж.М. Эгембердиев жөнүндө

Соттордун айыптоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары А.Ж. Исраиловду жана Ж.М. Эгембердиевди ээлеген кызмат ордуларынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Исраилов Автандил Жапарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эгембердиев Жунусмамат Мырзамамытович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.       

 

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

 

 

А.Атамбаев