Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 10-январы ПЖ № 01
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалган жана Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Тургунбаев КУттубайдын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 10-январынан баштап токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
|
|
|
| ||
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев
|
| |||