Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгына ылайык
күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 9-сентябры ПЖ № 298
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы Указына
толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы № 167 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестриндеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесинин I бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундары" деген V бөлүмүнө төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
"Улук кызмт орду" деген топто:
- "Бөлүм башчы" деген саптын алдында "Аппараттын жетекчисинин орунбасары" деген сап менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |