КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-январы ПБ № 10
(КР Президентинин 2018-жылдын 10-мартындагы ПБ № 41 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Уставына ылайык:
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү катары киргизилсин.
(КР Президентинин 2018-жылдын 10-мартындагы ПБ № 41 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-мартындагы № 40 буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |