Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 7-ноябры № 381
Президенттик "Кыргызстандын агрардык элитасы"
улуттук сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын агроөнөр өндүрүшүнүн кызматкерлеринин эмгегине дем берүү, ошондой эле тармакты өнүктүрүүгө алардын кошкон зор салымын сыйлоо жана өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоодогу жетишкендиктерин таануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкү номинациялар боюнча Президенттик "Кыргызстандын агрардык элитасы" улуттук сыйлыгы ыйгарылсын:
Калысов Абдишүкүргө - "Камал" фермердик чарбасынын жетекчиси, Баткен областы;
Кутманалиев Айдарбекке - "Айдарбек" фермердик чарбасынын жетекчиси, Талас областы;
Райымкулов Тагайга - "Тагай" фермердик чарбасынын жетекчиси, Ош областы.
Айбашев Кайырбекке - "Килемче" кооперативинин башчысы, Нарын областы;
Бекешов Абдалим Зулумжановичке - "Найман-На" үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси, Жалалабат областы;
Нургазиев Рысбек Зарылдыковичке - А.Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарбачылыгы, ветеринария жана жайыттар илим-изилдөө институтунун директору.
Жапаркулова Гүляим Барбаковнага - "Бишкексүт" ачык акционердик коомунун башкы директорунун өндүрүш боюнча орунбасары;
Султангазиева Дүйшөкан Бекешовнага - "Шампаншарапкомбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы коньякчысы, Бишкек шаары;
Садырова Гүлай Садыровнага - "Ак-Жалга" акционердик коомунун төрагасынын өндүрүш боюнча орунбасары, Ысыккөл областы.
Керекечев Рыскул Шаршенкуловичке - Чүй областынын Ысыката райондук суу чарба башкармасынын техниги;
Мамбетов Тейитбекке - Нарын областынын Акталаа райондук суу чарба башкармасынын начальниги;
Өмүрзаков Кеңешбек Эргешовичке - Ош областынын Өзгөн райондук суу чарба башкармасынын начальниги.
2. Бул Жарлык аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |