Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 10-ноябры ПЖ № 383
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөржайынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
Ажибеков Асанбек Сармашаевичке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин агрардык илим жана консультациялык кызмат Борборунун башкы директору;
Карашев Азимге Кыймылсыз - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосунун кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Ош зоналык борборунун директору;
Кыштобаев Кадырбайга - "Чүй областы боюнча айыл чарбасын региондук өнүктүрүү" Долбоорунун менеджери;
Теймуров Гамид Гамза-Оглыга - Чүй районундагы "Ала-Тоо" айыл чарба кооперативинин төрагасы, Чүй областы.
Республиканын айыл чарба объекттерин куруу жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
Ажыбаев Жакшымбекке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин айылды суу менен жабдуу Департаментинин калктуу конуштарда суу түтүк тармактарын калыбына келтирүү иштери бөлүмүнүн жетекчиси.
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
Авазканов Дөөлөтбай - Жайыл районундагы "Жайыл" айылчарба өндүрүштүк кооперативинин башкармасынын төрагасы;
Акматов Режепали Орозалиевич - Баткен суу чарба башкармасынын бассейн бөлүмүнүн начальниги, Баткен областы;
Бостонов Маматкул Молдоканович - Кочкор районундаш "Салэм" дыйкан чарбасынын жетекчиси, Нарын областы;
Жаркынов Абдукерим Жаныбекович - Жалалабат суу чарбасынын бассейн башкармасынын башкы инженери, Жалалабат областы;
Орозалиев Сүөркул - Атбашы районундагы "Орозалы" дыйкан чарбасынын жетекчиси, Нарын областы;
Уржанов Курманбек Апышевич - Тоң районундагы "Асыл Кой" айыл чарба кооперативинин төрагасы, Ысыккөл областы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |