Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 21-ноябры ПЖ № 391
Адабият, искусство жана архитектура жагында
Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө
2004-жылы адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү адабият, искусство жана архитектура жагындагы Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитетинин 2004-жылдын 7-октябрындагы чечимин карап көрүп,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жогоруда аталган комитеттин 2004-жылдын 7-октябрындагы Кыргыз Республикасынын төмөнкү маданият ишмерлерине 2004-жылы адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү чечими бекитилсин.
Жусупов Кеңешке - жазуучу, "Байыркынын издери" публицистикалык ой толгоолор китеби үчүн;
Нурдин Тугелов атындагы "Акмарал" мамлекеттик бий ансамблине (көркөм жетекчиси Асылбашев Мелис);
Ибраев Анарбекке - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, концерттик-аткаруучулук программасы үчүн;
Садыкова Саламатка - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, концерттик-аткаруучулук программасы үчүн;
2. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |