Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 3-февралы ПЖ № 14
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:
1. Кисилицкая (Идиятулина) Юлия Юрьевна, украин, 1983-жылы РСФСРдын Краснодар крайындага Лабинск шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жашап жатат.
Аны менен бирге балдары: 2003-жылы туулган Кисилицкий Дмитрий, 2009-жылы туулган Кисилицкая Дарья;
2. Коломейцев Игорь Олегович, орус, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
3. Кузьмич Константин Григорьевич, белорус, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жашап жатат;
4. Лыскова (Овсяникова) Галина Александровна, орус, 1943-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
5. Набиева Зура Ахмадовна, түрк, 1975-жылы Өзбек ССРинин Ташкент облусунун Пскент районундагы Пскент шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылында жашап жатат;
6. Чернявский Игорь Владимирович, орус, 1968-жылы Кыргыз ССРинин Кант районундагы Кант шаарына туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарында жашап жатат
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|