Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 17-февралы ПЖ № 22
К.Ж.Жапакбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык токтом кылам:
1. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши макулдук бергендигине байланыштуу судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы болуп эсептелген Жапакбаев Кадырали Жоробекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |