Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 17-февралы ПЖ № 23
Н.М.Катаганов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Н.М.Катагановду өзүнүн соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды жашыргандыгына байланыштуу ушул кызматта болушуна жол берилбегендиктен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Катаганов Немат Максутович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |