Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 17-февралы ПЖ № 25
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо үчүн "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кутушев Абдыманап Орозбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Апилов Эрнист Мыктыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Азыранкулов Айбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Оторбаев Эринес Мотойович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Жапаркулов Рыскулбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Дөөталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы. |
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |