Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 18-марты ПЖ № 37
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин 2015-жылдын 29-мартынан баштап узартылсын:
- Алимкулов Нургазы Халиловичтин;
- Бекбаева Нурия Хусаиновнанын;
- Динеев Мирад Сагынбековичтин;
- Кудаяров Жолборс Жээнбаевичтин;
- Насирова Ташкан Жумабаевнанын;
- Пирматов Каныбек Алимкановичтин;
- Самаков Толонду Калыгуловичтин;
- Сатарова Айнура Мелисовнанын;
- Сопуев Болотбек Календеровичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |