КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 4-апрели ПЖ № 46
М.М. Исманов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын кызмат ордунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып келген Исманов Марс Молдоевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 18-февралынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |