Редакцияот 23.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 23-апрели ПЖ № 53

А.Н.Сапаралиев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши макулдук бергендигине байланыштуу Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Сапаралиев Акмат Ниезмаматович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев