Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 24-апрели ПЖ № 54
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 4-бөлүгүнө, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каиповичтин отставкасы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
3. Кыргаз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар, ошондой эле административдик ведомстволордун жетекчилери мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: Ж.К.Оторбаевдин арызы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |