Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 2- майы ПЖ № 84
Кыргыз Республикасынын жарандарын - согуштун ардагерлерин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Женишке 70 жыл" юбилейлик медалы менен сыйлоо жөнүндө
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоонун урматына, ошондой эле улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарына терең урмат көрсөтүп,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңдештирилген адамдар "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл" юбилейлик медалы менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2013-жылдын 25-октябрындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 70 жылдыгына карата уюштурулган бирдиктүү юбилейлик сыйлык жөнүндө" Чечимин ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык ардагерлерди "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Женишке 70 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлоону уюштурсун.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |